Президент Садыр Жапаров Түштүк Кореяга расмий сапар менен барды16-сентябрга карата Кыргызстандагы аба ырайынын божомолуКыргызстанда РФ Мамлекеттик Думасына шайлоо үчүн төрт шайлоо тилкеси ачылатКыргыз-Кытай технологияларды трансферлөө борборунун филиалы ачылдыКыргызстан менен Корея соода жана инвестиция жаатында кызматташуу меморандумуна кол коюштуБишкекте Гоголь көчөсүнүн бир бөлүгү убактылуу жабылат
Нарын: УКМК прокурор менен тергөөчүнү пара опузалоого шектеп кармады
06.03.2024 | 15:26
Нарында опузалап пара алууга шектелип прокуратура кызматкери жана милициянын тергөөчүсү кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка караганда, облустук прокуратуранын кызматкери М.С. жана милициянын тергөөчүсү Э.Н. алдын ала сүйлөшүп алып, арыз жазган адамдан кылмыш иши боюнча оң чечим чыгарып берүү үчүн пара опузалаган.
5-мартта пара алып жаткан жеринен милициянын тергөөчүсү кармалган.
Кармоо иштерин УКМК менен ИИМдин Ички иликтөө кызматы жүргүзгөн.
Учурда прокурор менен тергөөчү УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды. Аларга Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пункту (пара опузалоо) боюнча кылмыш иши козголду.