Казино, букмекерлик конторалар бир колго топтолууда — депутат

Казино, букмекерлик конторалар бир колго топтолууда — депутат

Бардык оюн-зоок жайларын бир колго топтоп, монополияны орнотуу аракети көрүлүп жатат. Бул тууралуу депутат Дастан Бекешев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, “Оюн зоок жайлары жөнүндө” мыйзам долбооруна «Грант казинонун» анализи тиркелген.

«Барын бир колго топтоп жатасыңар. Бул коррупция. Азыр баарын букмеркер, тотализатор жана башка кумар оюндарын бир адамга берип жатасыңар. Азыр төрт букмекерлик конторанын экөө лицензиясын тапшырды. Анткени алар ошол киши менен иштегиси келбейт» — дейт Дастан Бекешев.

Финансы рыногун жөнгө салуу мамлекеттик кызматынын төрагасы Марат Пирназаровдун айтымында, «Грант казино» мыйзам талабы менен, бул тармакта иш жүргүзгөн ишкана катары долбоордун анализине тартылган.

Экономика министринин маалыматында, 2023-жылдын тогуз айында өлкөдө иштеп жаткан 2 казино 60 миллион сом салык төлөгөн.

9 айда 60 миллион салык түштү. Казинонун ээлери ЖКга чакырылды

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>