Сот аткаруучуларга 99,3 млн сомго 50 унаа сатып алынат. Сот департаментинин түшүндүрмөсү

Сот аткаруучуларга 99,3 млн сомго 50 унаа сатып алынат. Сот департаментинин түшүндүрмөсү

Сот департаменти Сот аткаруучулар кызматынын бөлүмдөрү үчүн 99,3 млн сомго 50 унаанын сатып алынышы боюнча түшүндүрмө берди.

Сот департаментинен билдиришкендей, айрым ММКлар «Сот департаменти автопаркын жаңылоо үчүн унаа сатып алууга тендер жарыялады» деп жазган, бирок унаалар автопаркты жаңылоо үчүн эмес, алгач ирет сатып алынууда.

«Буга чейин сот аткаруучуларда унаа болгон эмес. Сот тутумунун тарыхында биринчи жолу сот аткаруучулар үчүн унаа сатып алынуусу күтүлүүдө», — деп билдиришти департаменттен.

Өлкөдө Сот аткаруучулар кызматынын 57 бөлүмү бар.

Эскертке кетсек, буга чейин Сот аткаруучулар кызматынын бөлүмдөрү үчүн 99 млн 303,7 миң сомго 50 жеңил унаа сатып алуу пландалып жатканы белгилүү болгон. Тиешелүү сынак Мамлекеттик сатып алуулар порталына жарыяланган.

Маалыматка караганда, 85 млн 401,2 миң сомго бензин менен жүргөн 43 унаа сатып алуу пландалууда. Ошондо бир унаа 1 млн 986 миң 75 сомдон же 22 миң 388 доллардан айланып калат.

Андан тышкары 13 млн 902,5 миң сомго 7 электрунаа сатып алуу каралган. Бул жакта да бир унаанын баасы 1 млн 986 миң 75 сомду же 22 миң 388 долларды түзүп калат.

Сот аткаруучулар үчүн 99,3 млн сомго 50 унаа сатып алынат

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>