Кыргызстан 2028-жылга чейин 1 миллиард доллардан ашык каржылоо тартууну пландоодоКыргызстан Индонезиянын рыногуна жеңилдетилген шартта чыгатСадыр Жапаров жарандарды мамлекеттик баалуу кагаздарды сатып алууга чакырдыСокулукта 20 гектар жер тилкеси мамлекетке кайтарылдыЖогорку Кеңеште кант кошулган суусундуктарга салыктын көлөмүн жогорулатуу сунушталдыБишкек ЖЭБине көмүр жеткирүү иши: Мамлекеттик лабораториянын жетекчиси кармалды
Ноокатта коронавирустан дагы бир адам каза болду
05.04.2020 | 14:27
Ош облусунун Ноокат районунда коронавирустан 80 жаштагы дагы бир бейтап каза болду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен кабарлашты.
Министрликтин маалыматына ылайык, 4-апрель күнү каза болгон.
“Улгайган адам коронавирусту чет өлкөдөн жуктуруп келип, дарыланып жаткан. Абалы оорлоп, жүрөгү кармап каза болгон”, – деп айтылат маалыматта.
Ушуну менен өлкөдө коронавирус адам өмүрүн алган экинчи учур катталды. 2-апрель күнү ушул эле Ноокаттын ооруканасында жаткан 61 жаштагы бейтап көз жумган.
Жалпысынан Кыргызстанда коронавирус илдети 147 адамга жуккан. Алардын 9у оорудан айыккан. Вирус жуктуруп алгандардын 9у дарыгерлер.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар