Ноокенде кыз өлтүрүүгө шектүү дубинка менен зордукталганын айтты

Ноокенде кыз өлтүрүүгө шектүү дубинка менен зордукталганын айтты

Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда 19 жаштагы кыздын өлүмүнө шектүү делип кармалган жаран убактылуу кармоочу жайда кыйноого кабылган. Бул тууралуу бүгүн, 18-апрелде Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелер боюнча комитетинин жыйынында Кыйноолорду алдын алуу боюнча Улуттук борбордун директору Бакыт Рысбеков билдирди.

Жыйында 2022-жыл үчүн Кыйноолорду жана катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүн алдын алуу боюнча Улуттук борбордун иши тууралуу баяндама угулду.

Бакыт Рысбековдун айтымында, убактылуу кармоочу жайдагы жабыркаган адам менен маектешүү учурунда ал үрөй учурган нерселерди айтып берген.

“2022-жылдын 11-ноябрында Ноокен РИИБдин башчысынын орун басары А.Т, нөөмөтчү З.К, Жогорку Кеңештин депутаты жана мен жетектеген топту убактылуу кармоочу жайга киргизбей коюшкан. Ал жерде 1964-жылы туулган О.А. аттуу жаран кыйноого кабылганын билдирген. Ал жаран 19 жаштагы кыздын өлүмүнө шектүү катары кармалган. Шектүү резинка дубинка менен үч жолу зордукталганын айткан. Бул факты боюнча биз прокуратурага кайрылганбыз. Эң өкүнүчтүүсү Ноокен райондук прокуратурасы ал жаран өзү жыгылып кеткендигин айтып жүйөө келтирди”, — деди Бакыт Рысбеков.

Ошондой эле, ал бул иш боюнча Башкы прокуратурага кайрылганын айтты.

“Алардын ишке тоскоолдук жараткандыгы жана жабырлануучунун арызы боюнча биз Башкы прокуратурага кайрылганбыз. Ал эми Башкы прокуратура ишти кайра Жалал-Абад облустук прокуратурасына жөнөтүп жатат. Ал эми облустук прокуратура ишти териштирбестен аны райондук бөлүмүнө жиберип койгон”, — деди Бакыт Рысбеков.

Кыйноолорду алдын алуу боюнча Улуттук борбордун директору кыйноону колдонгон кызматкерлер жоопко тартылмайынча, жабык мекемелердеги адам өлүмү тыкыр иликтенмейинче, абал оорлой берерин кошумчалады.

Жыйынга катышып жаткан Башкы прокурордун орун басары Үмүткан Конкубаева бул маалыматты териштере турганын белгиледи.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>