Видео: Алмазбек Бейшеналиевдин соттук иши жылдырылды

Видео: Алмазбек Бейшеналиевдин соттук иши жылдырылды

Бүгүн, 18-апрелде Бишкектин Биринчи май райондук сотунда мурдагы билим берүү министри Алмазбек Бейшеналиевдин иши каралды.

Соттук отурумда Бейшеналиев күнөөсүн мойнуна албай турганын билдирди.

Аталган иш боюнча жабырлануучу делген чет элдик жаран чет өлкөдө болуп, отурумга келбегендиктен сот иши 11-майга жылдырылды.

Ал эми Бейшеналиев иши тууралуу комментарий берүүдөн баш тартты.

Эскерте кетсек, Алмазбек Бейшеналиев 2022-жылдын 28-сентябрында пара алууга шектелип кармалып, андан кийин эки айга камакка алынган.

ИИМдин маалыматы боюнча, анын кармалышы чет элдик студенттерди Кыргызстандагы окуу жайларга өткөрүү үчүн пара (110 миң доллар) талап кылуу фактысына байланыштуу. Бейшеналиев кармалгандан кийин анын үйүндө тинтүү жүрүп, ал пара катары алган 37,5 миң долларды, кийинчерээк 62,5 миң долларды кайтарып бергени кабарланган.

ИИМ Бейшеналиевдин пара менен кармалды деген видеосун чыгарган. 3-октябрда Бейшеналиев министр кызматынан алынган.

Ошол эле учурда, мурунку министр күнөөсү жок экендигин, «пара» деп айтылган акча билим берүү тармагындагы долбоор үчүн тартылган инвестициялык каражат экенин билдирген.

18-октябрда мурдагы министр үй камагына чыгарылган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>