Ысык-Көлдө кайрадан «Салбуурун» фестивалы өттүШвециялык Йонас Андерссон Ысык-Көлдө өткөн суудагы «Формула-1» жарышынын квалификациясында жеңишке жетти«Аэро Номад» 3-августтан тарта Бишкек–Үрүмчү багыты боюнча түз аба каттамдарын ачат2-августка карата аба ырайы: +39°C чейин ысык болуп, жаан-чачын күтүлбөйтСаламаттык сактоо министрлиги санариптик сервистерди өнүктүрүүнү тапшырдыКыргызстандын мурдагы башкы прокурору Камбаралы Конгантиев дүйнөдөн кайтты
Жогорку Кеңештин аппарат жетекчиси жок. Таппай жатышат
03.11.2021 | 11:24
Жогорку Кеңештин аппарат жетекчиси Алмазбек Сабырбеков бир жумадан бери жок. Бул туурасында Жогорку Кеңештин депутаты Алайбек Алымбаев парламенттик жыйында билдирди.
Ал, “бир маселелер менен Жогорку Кеңештин аппарат жетекчиси Алмазбек Сабырбековго кайрылайын десем, бир жумадан бери жок. Издеп атам. Мага жеткен маалыматтарга караганда, кайсы бир парламенттик шайлоого катышып жаткан талапкерге иштеп жүрөт. Дагы бир маалыматтарга карасак, сыртка чыгып кеткен. Айтор, мындай иштей албаган аппарат жетекчисин кызматтан алыңыз, Аида Камчыбековна. Өз кызматын билген, жоопкерчиликтүү инсандар толтура” – деди депутат.
Шайлоо мыйзамдарына ылайык, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкер үгүт иштерине аралашууга тыюу салынат.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат