«Жалалабатэлектро» ААКтын башкы директору алмашты

«Жалалабатэлектро» ААКтын башкы директору алмашты

Директорлор кеңешинин чечими менен «Жалалабатэлектро» ачык акционердик коомунун башкы директору болуп Сатыбалдиев Нурлан Назарбекович дайындалды. Бул тууралуу аталган ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Компаниянын Директорлор кеңешинин мүчөлөрү,  эмгек жамаатка жана РЭТ жетекчилерине тааныштырып, иштерине ийгилик каалады.

Эмгек жолу:

1998-2001-жылга чейин Кара-Бура РЭТинде электромонтёр;

2001-2004-жылга чейин Кара-Бура РЭТинде диспетчер;

2004-2007-жылга чейин Кара-Бура РЭТинде башкы инженер;

2008-жылы «Кыргызэнергоресурс» ЖЧК техникалык маселелер боюнча орун басары;

2008-2010-жылга чейин «Ошэлектро» ААКнын ички аудитинин мастери;

2010-2014-жылга чейин Кара-Бура РЭТинде башкы инженер;

2014-2017-жылга чейин Кара-Бура РЭТинин жетекчиси;

2017-2021-жылга чейин Кара-Бура РЭТинде диспетчер;

2021-жылы «Түндүк электро» ААКнын Талас филиалынын жетекчисинин техникалык маселелер боюнча орун басары;

2021-2022-жылдын бүгүнкү күнүнө чейин «Түндүк электро» ААКнын Талас филиалынын аткаруучу директору болуп иштеп турган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>