Айыл жеринде Сауд Арабиядан кайткан адамды көчөгө килем төшөп тосуп алышты. Анын видеосу социалдык тармакта жарыяланды.
Ал Кыргызстандын аймактарынын биринде тартылган. Анда умрага барып келген 50-60 жаш курактагы эки айылдашын тосуп алуу үчүн көчөгө ак кездеме жана килемдер төшөлүп, үстөл жасалып, зыяраттан келгендерге даам ооз тийгизген.
Социалдык тармактын колдонуучулары «бул обу жоктук», «умраге, же ажыга адам өзү үчүн барып келет», «Пайгамбарыбыз кылбаган адатты бул жасап жатат», «бул исламга дагы жат» деп сынга алышты.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз