Пенсиялык топтомдогу акчаңыз канчага көбөйгөнүн билесизби? Адистен жооп

Пенсиялык топтомдогу акчаңыз канчага көбөйгөнүн билесизби? Адистен жооп

Социалдык фонддо сакталып турган пенсиялык топтом боюнча маалыматтарды жашырып жүрөсүңөр, элге ачык айтпайсыңарбы? Бул суроону Жогорку Кеңештин депутаты Шарапаткан Мажитова комитет жыйынында  Соцфонддун төрага орун басары Теңизбек Абжапаровго берди.

Теңизбек Абжапаров:

-Пенсиялык топтомо 2010-жылы кирген. Мисалы, жарандардын 2010-жылдан бери чогулткан топтомо акчасы 100 миң сомго жетсе, кошумча пайызын 100 пайызга жеткирдик. 2010-жылга чейин 100 миң сом которулуп калган болсо, анын суммасы 200 миң сомду түзүп калды. Эки эсе көбөйдү. Ал пенсияга чыкканда, ал пенсияны дароо эле алып алат. Бул өмүрдүн аягына чейин ала турчу пенсиядан башка акча. Пенсиянын топтомо бөлүктөрү туурасында роликтер таратылып жатат, дагы чыгып атат.

Шарапаткан Мажитова:

-Топтомо каражаттарды алгандарды такыр эле уга элекмин. Мен дагы билбейт экенмин. Мисалы, 15000 сом айлык алып 10 жыл иштеген адам, 230 миң сом алышы керек экен. Топтомо акчасы ушунча топтолуп калат экен. 100 миң сом же, 50 миң сом алдым деген адамды уга элекмин. Кимдер алганын мага кагаз түрүндө берип коюңузчу?

Теңизбек Абжапаров:

Топтомо акчадан эч ким албайт деп жатасыз. Сиздин бул оюңузга кошула албайм. 2020-жылы 12599 киши пенсиялык фонддо турган топтомо акчаларын алып кеткен. Анын ичинен пенсияга чыгып жалпы суммасын алып кеткендер 10543 ,  528  чет өлкөгө кетип жатканы үчүн алышты. Каза болгондордун жакындары 2 пайызын 1465 киши алды. Аскер кызматкерлердин мыйзамы менен 46, оор ооруу менен ооруп жүргөндөрдөн 17 киши алды. Жалпы жонунан 2021-жылы 338,05 млн сом берилди. 2013-жылдан баштап, 1 млрд. 440 млн сом төлөндү.  Алгандардын саны 159 миңге жетти.

Пенсиялык топтом боюнча маалыматты төмөнкү шилтемеден тапсаңыз болот…

Пенсияга чыкканга чейин Соцфондго чогулткан акчаңызды алып кете аласызбы? Жооп

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>