ӨКМдин 12 куткаруучусуна Россиянын сыйлыгы тапшырылды

ӨКМдин 12 куткаруучусуна Россиянын сыйлыгы тапшырылды

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 12 куткаруучусу Россиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин «За содружество во имя спасения» ведомстволук медалы менен сыйланды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, жогорку даражадагы сыйлык ӨКМдин Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунун «Эдельвейс» тоо куткаруучулар кошуунунун үстүбүздөгү жылдын июль айында Жеңиш чокусуна жүрүшкө чыгып, дайынсыз жоголгон 4 альпинистти издөө ишинде тайманбастык менен жигердүү аракет жасагандыгы үчүн тапшырылды.

Павленко жубайы Светлана Великанова баштаган Литва жана Россия өлкөсүнүн жарандары Жеңиш чокусун багындыруу үчүн Кыргызстандагы «Ак-Сай» Трэвел компаниясы аркылуу жүрүшкө чыгышкан. Тилекке каршы 19-июль күнү белгисиз себептерден улам байланыш үзүлүп, төрт адамдын дайыны чыкпай калган.

Мындан улам 27-июлда Россиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги альпинисттерди издөөгө жардам берүүсүн өтүнүү тууралуу расмий кайрылуусу Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине түшкөн. Ага ылайык ӨКМ 11 тоо куткаруучусун тик учак менен Жеңиш чокусуна альпинисттерди издөө үчүн жиберген.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>