УКМК кызматкеринин өлтүрүлүшү: Тергөө иштери бүтө элек

УКМК кызматкеринин өлтүрүлүшү: Тергөө иштери бүтө элек

Быйыл 28-июлда Бишкектин Жал кичи районунда киши колдуу болгон УКМКнын кызматкеринин (аял киши) өлүмү боюнча тергөө иштери уланууда. Бул тууралуу Reporter.kg’ге Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Эскерте кетсек, 28-июлда болжол менен саат 21:40та «102» кызматына Жал кичи районунда тез жардам келгенге чейин аял киши каза болгону тууралуу маалымат түшкөн.

Окуя жерине ыкчам-тергөө тобу барган. Каза болгон аял 40 жаштагы Ш.М. экени аныкталган. Кароо учурунда анын денесинен ур-токмоктун издери табылган.

Аталган факт боюнча Бишкектин Ленин райондук милициясы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголуп, тиешелүү экспертизалар дайындалган. Шектүү катары 32 жаштагы Р.Э. аттуу жаран кармалган.

Окуядан кийин маркум аял УКМКнын кызматкери экени белгилүү болгон. Бирок ал УКМКда кайсы кызматта иштегени маалым эмес.

Алгач УКМК кызматкеринин өлүмү боюнча ишти Ленин райондук милициясы тергей баштаган, бирок кийинчерээк кылмыш ишти иликтөөнү ИИМдин Тергөө кызматы өзүнө алган.

ИИМдин басма сөз кызматы Reporter.kg’ге тергөө иштери уланып жатканын, тергөө купуялуулугуна байланыштуу иш боюнча кошумча маалымат бере албай тургандыгын билдирди.

Бишкекте УКМКнын кызматкери киши колдуу болду

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Тэги: ИИМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>