Ош шаарында жапон тили боюнча акысыз курстарга кабыл алуу башталдыКыргызстан өзүн жашылча, картошка жана сүт менен толук камсыздайтЖК Малик Бектургановду башкы прокурор кызматына дайындоого макулдук бердиМаданият министри кыргызстандыктарды Комуз күнү менен куттуктадыБекешев: Балдар үйлөрүндө бир да бала болбошу керекЖК Имангазиев менен Айылчиевдин министрликке талапкерлигин жактырды
Өкмөт юридикалык жактарды атоого болбой турган диний маанидеги сөздөрдүн тизмесин бекитти
23.01.2025 | 18:50
Өкмөт Кыргызстанда юридикалык жактарды (ишкана, партия, фирма) атоого болбой турган диний маанидеги сөздөрдүн тизмесин бекитти. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Аталган тизмеге 120га жакын сөз кирген. Алардын арасында Абу Ханифа, армагеддон, Брахман, Гуру, Иоанн, Ихсан, Ихлас, Карма, Махр, Мубарак, Миллениум, Муслим, Патриарх, Самсара, Талмуд, Трипитака, Хадис деген жана башка сөздөр, терминдер бар.
Эскерте кетсек, жакында эле президент жаңы дин мыйзамына кол койгон. Аталган мыйзамда диний сөздөрдү, терминдерди юридикалык жактардын атадышында колдонууга тыюу салган норма каралган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом