КР Конституциясы: парламенттен президентке чейин — тарыхтын негизги бурулуштарыМай майрамдарында иштеген Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин филиалдарынын даректериСуицидге аракет: Кыз ЧЧКга боюн таштады — окуянын чоо-жайыКыргызстан мас абалында унаа башкаргандар үчүн жазаны катаалдантты — 10 жылга чейин айдоочулук укуктан ажыратууСадыр Жапаров кыргызстандыктарды Конституция күнү менен куттуктадыЖеңиш күнү: Орусия Украина менен бир тараптуу ок атууну токтотууну (айкөлдүк) жарыялады
Өлкө аймагында туруксуз аба ырайы күтүлөт
14.05.2022 | 11:20
Күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу райондорунда сел жүрүшү мүмкүн, ошондой эле дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү ыктымал. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
14-15-майда Кыргызстанда туруксуз аба ырайы күтүлөт: мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Кээ бир райондордо мөндүр жайт.
«Абанын температурасы төмөндөйт. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет. Мындай туруксуз аба ырайы коммуналдык жана энергетиктердин ишин кыйындатат», – дейт министрлик.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом