Өлүмдөн аман калган аялдар болот. Акушер Наби Тагиевдин видеомаеги

Өлүмдөн аман калган аялдар болот. Акушер Наби Тагиевдин видеомаеги

66 жаштагы дарыгер Наби Тагиев 43 жылдан бери төрөт үйүндө акушер-гинеколог болуп эмгектенет. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, дарыгер күнүнө 5тен 10го чейин, ал эми бир жылдын ичинде 1000дин тегерегинде аялдардын төрөтүн кабыл алат.

Учурда Бишкектеги Перинаталдык борбордо, төрөттөн кийинки бөлүмдүн дарыгери жана ургенттик дарыгер болуп иштейт. Медицинада ургенттүүлүк бул күнү-түнү атайын адистештирилген медициналык жардам. Мааниси боюнча ыкчам кызматкер. Же болбосо, абалы тез арада дарыгердик кийлигишүүнү талап кылган (көп учурда хирургиялык олуттуу татаалдашуу же өлүмгө алып келүү коркунучу бар) операцияларга катышат.

Ошондой эле адис өзүнүн ооруканада өтө турган күндүн түнкү кезмет убактысын өз үйүндө өткөрөт, бирок кезметте турган кесиптештери менен телефондо тыгыз байланышта турат. Эгер оор абалдагы бейтап келип калса ургенттик дарыгер дароо келип, өз кызматын көрсөтөт.

Дарыгер төрөт кабыл алуудан сырткары өзүнүн кесиптештерине мол тажрыйбасынан бөлүшүп, шакирттерди тарбиялоодо.

“Борбор калаанын айрым тургундары, колу жеңил акушер-гинеколог деп атайын издеп келишет, биз дагы оор чечимдерди кабыл алууда Наби Тагиевдин сунушун угабыз”- дейт кесиптештери.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>