Кыргызстан өзүн жашылча, картошка жана сүт менен толук камсыздайтЖК Малик Бектургановду башкы прокурор кызматына дайындоого макулдук бердиМаданият министри кыргызстандыктарды Комуз күнү менен куттуктадыБекешев: Балдар үйлөрүндө бир да бала болбошу керекЖК Имангазиев менен Айылчиевдин министрликке талапкерлигин жактырдыКыргызстандыктар баштапкы төгүмү жок турак жай жана унаа үчүн 3 млрд сомдук насыя алышты
Олжобай Шакир 48 саатка камалды
23.08.2023 | 22:34
Жазуучу жана публицист Олжобай Шакир 48 саатка камакка алынды. Бул тууралуу жактоочу Бакыт Автандил билдирди.
Анын айтымында, ага “жапырт башаламандык уюштуруу аракети”, “бийликти басып алуу аракети” боюнча айып тагылган.
«Бул негизсиз айыптоо. Олжобай Шакир дароо бошотулушу керек. Эртең анын баш коргоо чарасы Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда каралат. Экспертизалардын корутундусунан кийин Олжобай Шакирге кылмыш иши козголду”, – дейт Бакыт Автандил.
Буга чейин Олжобай Шакирди УКМКга алып кетишкенин «Кылым шамы» укук коргоо борборунун жетекчиси Гүлшайыр Абдирасулова билдирген.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом