Өмүрбек Текебаев сурактан чыкты — видео

Өмүрбек Текебаев сурактан чыкты — видео

Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев ИИМдин Башкы тергөө башкармалыгынан сурактан чыкты.

«Бардык деталдарын айтууга болбойт. Бирок,  «массалык башаламандык уюштурууга аракет кылган» деген шек менен кармалгандар боюнча күбө катары сурак берип чыктым», — деди Текебаев.

 

Белгилей кетсек, Өмүрбек Текебаев элчи катары дипломатиялык кол тийбестикке ээ болгондуктан, аны кармоого болбойт.

Буга чейин Өмүрбек Текебаев Кемпир-Абад суу сактагычын коргоо боюнча комитеттин мүчөлөрүн колдоп чыккан. Камакка алынгандардын арасында “Ата Мекен” партиясынын өкүлдөрү Асия Сасыкбаева менен Гүлнара Журабаева да бар.

Эске салсак, 22-октябрда Кемпир-Абад суу сактагычын колдоо комитети түзүлгөн. Анын курамына активисттер, саясатчылар жана депутаттар кирген. 23-октябрда массалык тинтүү иштери башталып, 20дан ашык адам кармалып, алар 48 саатка камалган.

24-октябрда Бишкек шаарында Кемпир-Абад суу сактагычынын астындагы жердин Өзбекстанга берилишине жана активист, саясатчылардын камалышына каршы жөө жүрүш өткөн.

Активист жана саясатчылардын камалышы боюнча ИИМ түшүндүрмө берип, Кылмыш-жаза кодексинин 36-278-беренеси «Массалык баш аламандыктарды уюштурууга даярдануу» менен козголгон кылмыш иши боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүп жатканын билдирген. 

Элчи Өмүрбек Текебаевди милиционерлер ИИМге алып кетишти

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>