Орхан Инанды Түркияда 21 жылга соттолду

Орхан Инанды Түркияда 21 жылга соттолду

«Сапат» билим берүү мекемелеринин мурдагы президенти Орхан Инанды Туркияда 21 жылга соттолду. Бул тууралуу «Анадолу» агенттиги жазды.

Маалым болгондой, ал «куралдуу террордук уюмду башкарууга» айыпталып, 21 жылга эркинен ажыратылган.

Эскерте кетсек, Орхан Инандыны 2021-жылы 31-майдан 1-июнга караган түнү белгисиз адамдар уурдап кеткен. Ал бир айдан ашык убакыт дайынсыз болуп, 5-июлда Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган алардын чалгын кызматы Орхан Инандыны Кыргызстандан кармап, Түркияга алып келгенин билдирген. Ага байланыштуу 6-июлда Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Түркиянын элчиси Ахмет Доганга каршылык нотасын тапшырган.

Ошондой эле, президент Садыр Жапаров Кыргызстан Түркиядан Орхан Инандыны кайтарып беришин талап кыларын билдирген.

Орхан Инандынын уурдалышы боюнча ИИМ тарабынан «адам уурдоо» беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

Белгилүү болгондой, 2016-жылы июлда Түркияда төңкөрүш аракети болгон. Түркиянын бийлиги бул ишке АКШда бозгунда жүргөн диниятчы Фетхуллах Гүленди айыптап, анын кыймылын ФЕТӨ («Фетхуллахчы террордук уюму» деп чечмеленет) террордук уюму деп жарыялаган.

Түркия бийлигинин позициясы боюнча Орхан Инанды ФЕТӨ деп аталган уюмдун Борбор Азиядагы жооптуу адамы болгон.

Орхан Инанды ага коюлган айыптарды четке кагып, күнөөсүз экенин айтып келет. Ал Кыргызстандан чыгарылып кеткенден кийин кыйноого кабылганын билдирген.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>