Видео: Бишкектин мэри чоң той өткөргөн чиновниктерди сынга алды

Видео: Бишкектин мэри чоң той өткөргөн чиновниктерди сынга алды

Бүгүн, 1-мартта Бишкекте өткөн маалымат жыйында борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров чоң той өткөргөн чиновниктерди сынга алды.

Ал президенттин той-аштардагы ысырапкорчулукту токтотуу тууралуу чыккан жарлыгы бар экенин жана Жогорку Кеңеште да тиешелүү мыйзам каралып жатканын билдирди. Аны менен бирге Абдыкадыров чиновниктер ысырапкорчулук кылбай, элге үлгү болушу керектигин айтты.

«Мэр катары мен биринчи аткарышым керек. Мамлекеттик кызматкерлер, чиновниктер биринчи кезекте өздөрү үлгү болушу зарыл. Азыр мыйзам Жогорку Кеңеште каралып жатат. Эгер мыйзам кабыл алынса, ысырапкорчулук болбошу керек. Бир чиновник той берсе, 300-400 кишини чкырат. Кызматкерлери келет. Бул ысырапкорчулук эмес, чыныгы акча чогултмай. Кыргызстандагы бардык жетекчилерди чакырып алып, той бергенди токтотуш керек. 50-60 кишини, жакын туугандарды чакырып алып өткөрө бер. Эч ким тыюу салбайт. Бул боюнча мыйзамды күтүп жатабыз. Анын ишке ашырылышын карап, ар бир кафе-ресторан менен катуу иштейбиз. Мыйзам баарыбыз үчун бирдей, баарбыз аткарышыбыз керек», — деди ал.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>