Президент Орусиядагы кырсыкта каза болгондор боюнча тапшырма берди

Президент Орусиядагы кырсыкта каза болгондор боюнча тапшырма берди

Президент Садыр Жапаров Орусияда жол кырсыктан каза болгон кыргызстандык жарандардын сөөгүн мекенине алып келүү боюнча тапшырма берди. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

“Президент Садыр Жапаров ТИМге, ӨКМге, “Манас” эл аралык аэропортуна Орусия Федерациясынын Ульянов облусунда болуп өткөн каргашалуу жол-транспорт кырсыгында каза болгон мекендештерибиздин сөөгүн Кыргызстанга алып келүү үчүн атайын борт уюштурууну тапшырды. Каза болгондордун жакындарына жана туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз”, — деп жазды ал.

Россиянын Ульяновск облусунда үрөй учурган жол кырсыктан 14 кыргызстандык жаран каза болуп, үч адам ооруканага түшкөн. Жол кырсык 21-августта саат 14:00 (Москва убактысы боюнча) чамасында болгон.

Ал эми ТИМ окуя болгон жерге консулдук укуктук жардам көрсөтүү максатында КРнын Россиядагы элчилигинин консулдук кызматкерлери жөнөп кетишкенин билдирген. 

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>