Орусияда 14 кыргызстандык мерт кеткен кырсыктын себеби айтылды

Орусияда 14 кыргызстандык мерт кеткен кырсыктын себеби айтылды

Россиянын Ички иштер министрлиги 14 адам каза болгон жол кырсыктын себебин атады. Жол кырсык боюнча кылмыш иши козголду.

Маалыматка караганда, жүк ташуучу унаанын айдоочусу өз убагында ылдамдыгын азайтууга үлгүрбөй, кичи автобусту сүзүп кеткен. Натыйжада кичи автобус эки жүк ташуучу унаанын ортосунда кыпчылып калган. Кичи автобуста жалпы 18 адам болгон.

Кырсык 21-августта саат 14:00 (Москва убактысы боюнча) чамасында болгон. Кырсыкка жалпысынан беш унаа: жумушчулары бар кичи автобус, эки жүк ташуучу унаа жана жеңил унаалар катышкан.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Россиянын Ульяновск облусундагы жол кырсыктан 14 кыргызстандык жаран каза болгонун билдирди.

Ал эми кырсыктын күбөсү үрөй учурган жол кырсыктан Кыргызстандын 18 жараны каза болгонун билдирген. 

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>