Орусиядагы элчи эскалатордон кулаган 4 жаштагы баладан кабар алды

Орусиядагы элчи эскалатордон кулаган 4 жаштагы баладан кабар алды

Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Гульнара-Клара Самат эскалатордон кулаган 4 жаштагы кыргыз баланын жакындары жана дарыгерлер менен жолукту. Бул тууралуу Элчиликтен билдирди.

Маалыматка ылайык, Гульнара-Клара Самат «Глобал» соода түйүнүндө эскалатордон кулап түшкөн кыргыз жараны Н.Анын абалын билүү үчүн Саламаттыкты сактоо департаментинин Илимий-изилдөө институтунун тезинен жардам көрсөтүү балдар хирургиясы жана травмотология бөлүмүнүн бөлүм башчысы О.С.Исхаков менен жолугушкан.

Жолугушуунун жүрүшүндө, Элчи Г-К. Самат баланын абалы тууралуу маалымат менен таанышып, бөлүмдүн башчысы О.С.Исхаковдон анын тезинен калыбына келүүсү үчүн мүмкүн болгон бардык чараларды көрүүсүн өтүнгөн.
Ошондой эле жабыркаган баланын жакын туугандары менен жолугушуп, Элчилик тарабынан мүмкүн болгон бардык юридикалык жардамдар көрсөтүлөрүн белгилеген.

Белгилей кетсек, 03-мартта 2017-жылы төрөлгөн кыргыз жараны  Н.А. «Глобал» соода түйүнүндө экинчи этаждын деңгээлиндеги эскалатордон кулап түшүп, тез жардам аркылуу ооруканага жеткирилген.

«Учурда аталган үй – бүлөгө Орусиядагы Элчилик тарабынан бардык мүмкүн болгон юридикалык жардамдар көрсөтүлүп жатат. Элчиликтин юристтери үй-бүлө менен тыгыз байланышта иш алып барып жатат. Ошондой эле бул маселе Элчиликтин көзөмөлүндө турат», — деп айтылат маалыматта.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>