Орусиядагы кырсык: Каза болгондордун үй-бүлөсүнө 300 миң сомдон кенемте берилет

Орусиядагы кырсык: Каза болгондордун үй-бүлөсүнө 300 миң сомдон кенемте берилет

Россиянын Ульяновск облусундагы жол кырсыкта каза тапкан 14 кыргызстандыктын үй-бүлөлөрүнө 300 миң сомдон жардам берилет. Бул туурасында Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Ош аэропортунан маркумдардын сөөгүн тосуп алууда билдирди.

Анын айтымында, каражат президенттик фонддон бөлүнөт. Андан тышкары ар бир аймактын акимдери, президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрү дагы жардам берет.

“ЖҮК-200” атайын борту саат 17:25те Ош шаарындагы аэропортуна конду. Учурда кыргызстандык жарандардын сөөгүн кичи мекенине жеткирүү иш-чаралары жүрүүдө. Маркумдардын бешөө Баткен, дагы беши Жалал-Абад, төртөө Ош облусунун тургундары.

Эскерте кетсек, 21-августта Ульяновск облусундагы жол кырсыктан 14 кыргыз жараны каза таап, үчөө ооруканага түшкөн. Буга байланыштуу Кыргызстанда 23-август Аза күтүү күнү деп жарыяланган.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>