ӨКМ айрым аймактарда сел жүрүшү мүмкүн экенин эскерттиКыргызстанда балдардын бир ата-энесинин макулдугу менен чет өлкөгө чыгуусуна уруксат берүү сунушталуудаМихаил Мишустин Евразия өкмөттөр аралык кеңешине катышуу үчүн Кыргызстанга келетКыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына арналган алтын монета жүгүртүүгө чыктыБишкекте көчөдөн ток урган 9 жашар бала каза болдуБишкекте кытайлык сүрөтчүлөр катышкан «Айыл» эл аралык сүрөт көргөзмөсү ачылат
Орусиядан 554 кыргызстандык мекенине жеткирилди
27.06.2020 | 08:42
26-июнда «Санкт – Петербург-Бишкек» чартердик каттамы менен Орусиядан 554 кыргызстандык кайтып келди, арасында 42 жаш бала бар. Бул тууралуу республикалык штаб кабарлады.
Орусиядан кайткандардын тизмесин атайын комиссия түзгөн. Тизмеге төрөтү жакындап калган кош бойлуулар жана 2 жашка чейинки жаш баласы бар аялдар, ошондой эле оор илдеттери бар жана жакын туугандары каза болгондугунан улам мекенине чукул түрдө кайтышы зарыл болгон жарандар, Ленинград облусунда жогорку окуу жайда окуган студенттер кирген.
Бардык учуп келген жарандар бекитилген тартипте медициналык процедуралардан өтүү үчүн обсервацияга алынат.
Кыргзстандын өкмөтү бардык мекендештерибизди мекенине кайтаруу үчүн бардык аракеттерди көрүп жатканы айтылат маалыматта.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом