Ош, Баткен, Жалал-Абадда Орусиядан келген унаалардын документтери жасалмаланган

Ош, Баткен, Жалал-Абадда Орусиядан келген унаалардын документтери жасалмаланган

Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы «Унаа» мамлекеттик мекемесинин бир катар бөлүмдөрүндө Орусиядан автоунааларды алып келүүдө документтерди жасалмалоо фактылары аныкталды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарынын аймагына «Деу-Нексия», «ВАЗ» жана башка үлгүдөгү унаалар Орусиядан алынып келинип, алар жасалма документтерди колдонуу менен мыйзамдаштырылгандыгы жөнүндө маалымат келип түшкөн.

«Унаа» мамлекеттик мекемесинин бир нече бөлүмдөрүндө кээ бир иш кагаздардын түп нускалары алынган. Тактап айтканда, транспорттук каттоого байланыштуу документтердин текшерилүүсү «Унаа» мамлекеттик мекемесинин Жалал-Абад жана Баткен облустук башкармалыгында (Кызыл-Кыя шаарында) жүргүзүлгөн. Сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө аталган мекемелерде мыйзамсыз иш-аракеттердин фактылары аныкталган.

“Автоунааларды каттоодо документтерди жасалмалоо фактысы боюнча мындан аркы иш-чаралардын жүрүшүндө жогоруда аталган “Унаа” мамлекеттик мекемесинин Жалал-Абад жана Баткен облустук башкармалыктарынын бир катар кызматкерлери жеткирилип, тергөө кызматына сурак беришти. Бул иш боюнча сотко чейинки тергөө амалдары жүрүп жатат”, — деп кабарланат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>