Саламаттык сактоо министрлиги гемодиализ кызматтарын көрсөтүүдөгү мыйзам бузуулар боюнча ишке комментарий бердиБУУ: миллиондогон оогандар азык-түлүк жардамысыз калдыСадыр Жапаров Соода-деңизде сүзүү жөнүндө кодекске кол койдуБишкекте чет элдик жаран милицияга пара берип жаткан учурда кармалдыЖарым жылда айыл чарбасы менен ишкердикти колдоого 6,7 млрд сом жеңилдетилген насыя берилгенКыргызстанда 1-октябрдан тарта пенсия канчага көбөйөт — сандар
Ошко Москвадан 156 кыргызстандык кайтып келди
12.07.2020 | 10:03
12-июль күнү Москва-Бишкек чартердик каттамык менен 156 кыргызстандык Ош шаарына келди. Бул тууалуу коронавируска күрөшүү үчүн түзүлгөн республикалык штаб маалымдады.
Жүргүнчүлөрдүн тизмесин түзүү гуманитардык критерийлер боюнча мекендештердин жеке арыздарынын негизинде жүргүзүлгөн. Каттамга негизинен Орусиянын ЖОЖдорунда окуган студенттер, төрөтү жакындап калган кош бойлуулар, жаш балдар жана оор илдети бар же жакынын жоготкондор кирген.
Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча, пандемия башталгандан бери 60ка жакын чет өлкөдөн келе албай калган 20 миңден ашуун кыргызстандык жаран мекенине жеткирилген. Алардын басымдуу бөлүгү Орусиядан алып келинген.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом