Ошто 15 жаштагы кыз зордукталды

Ошто 15 жаштагы кыз зордукталды

Ош шаарында жашы жетелек кызды зордуктоого шектелип 1996-жылы туулган О. уулу Э. аттуу жаран кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Шектүү 2021-жылдын 11-октябрдан 12-октябрга караган түнү, саат 01.00 чамасында Ош шаарындагы түнкү эс алуу жайларынын биринде 2006-жылы туулган кыз менен таанышып, аны Анар кичи районундагы үйлөрдүн бирине түнкү саат 03.00 чамасында өз автомашинасына салып алып барып, кыздын эркине каршы, күч колдонуп зордуктап койгон.  Жабырлануучунун арызында көрсөтүлгөндөй, шектүү жаш кызды бычак такап коркутуп, зордуктаган. Жабырлануучу кыз- мектеп окуучусу.

Атайын экспертиза өз корутундусунда  жабырлануучунун зордукталгандыгын, кыз белгиси жаӊыдан бузулгандыгын  тастыктаган.

Учурда жаш кызды зордуктоого шектүү катары кармалган О.уулу Э. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Шаардык сот аны 14-октябрь күнү бир айга абакта кармоо боюнча чечим чыгарды.

Тергөө иштери уланууда. Шектүү мурда Ош облустук ички иштер башкармалыгында иштеп кеткен.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>