Талас районунун жетекчилиги Жерүйдүн коопсуз экенине ынанды

Талас районунун жетекчилиги Жерүйдүн коопсуз экенине ынанды

“Жерүй” алтын кенинин өндүрүшүндө Талас районунун акими Нургазы Нармырзаев баштаган жергиликтүү активисттер менен “Альянс Алтын” ЖЧКсынын өкүлдөрү 14-октябрь күнү жолугушту.

Коноктор алтын өндүрүп жаткан фабриканын ишмердүүлүгү менен таанышып, бардык маалыматтарды алышты. Калдык сактоочу жайды көрүштү. Канча көлөмдө сакталаары ачыкталды. Андан соң тегерек стол форматында жолугушуу болду. Жолугушууда Жерүй кениндеги экологиялык жана жумушка орношуу өңдүү жергиликтүү калкты түйшөлткөн маселелер көтөрүлдү.

«Альянс Алтын» ЖЧКсынын башкы директорунун укуктук маселелер боюнча орун басары Адилет Акматалиев Жерүйдү иштетүүгө лицензия 2015 -жылдын августунда 20 жылдык мөөнөткө алынганын айтты. Андан бери «Альянс Алтын» республикалык жана жергиликтүү бюджетке 3 миллиард 358,2 миллион сом салык төлөгөн. Анын ичинде, 2021 -жылдын мартында фабрика ишке киргенден бери алтын сатуудан түшкөн каражаттан 1 миллиард 424,5 миллион сом төгүлгөн.

“Коопсуздук жагынан биздин алтынды кайра иштетүүчү фабрикабызга жана калдык сактоочу жайыбызга Кыргызстанда бири да тең келе албайт. Жогорку деңгээлде сапаттуу. Буга көз карандысыз “Чүй экологиялык лабораториянын” соңку чыгарган анализдери далил. Алар кенди иштетүү экологияга терс таасирин тийгизбээрин аныкташканын билдирди” , — деди Адилет Акматалиев.

Ал эми «Альянс Алтын» ЖЧКсынын башкы экологу Елена Кутманова компания учурда чаңды басуу үчүн канадалык жана россиялык реагенттерди сынап жатат, алардан эң эффективдүүлөрү тандалып алынаарын билдирди. Кайра иштетүүчү комплекстин аймагына жаңы аба ырайы станциясы орнотулду.»Негизги климатологиялык параметрлер автоматтык түрдө жазылып алынат жана маалыматтарды иштетүү жана кабыл алуу үчүн Борбор Азия прикладдык изилдөө институтунун компьютердик борборуна келет”,-деди ал.

Ал эми “Алянс Алтын” ЖЧКсынын кадрлар бөлүмүнүн башчысы Александр Абрамов жумушка кабыл алуу саясаты боюнча түшүндүрүп кетти. “Бүгүнкү күндө компанияда 612 кызматкер бар. Анын 146сы Бекмолдо айыл өкмөтүнүн тургундары. “Алянс Алтын” компаниясы Талас облсунун 361 жашоочусун атайын окуудан өткөрдү. Алардын 186сы Жерүйгө жумушка орношту”, –деди ал. Ошондой эле ал, биздин баардык кызматкерлерибиз техникалык коопсуздук жана экологиялык талаптар менен толук тааныш жана аларды толук сакташаарын кошумчалады.

Нургазы Нармырзаев Жерүйдү жергиликтүү калк экология жана техникалык коопсуздук боюнча маселе жаралбасын көрүп ынанганын айтты: «Кенде эң заманбап жабдуулар менен иш жүрөт. Ал эми командабыз болсо профессионалдуу жана жоопкерчиликтүү ”, — деп баса белгиледи.

Тегерек столдун жыйынтыгында катышуучулар жалпы максаттарга жетүү үчүн мындан ары дагы тыгыз кызматташууну, кендин туруктуу иштеши жана калктын жашоо деңгээлин жогорулатууну чечишти. Альянс Алтын компаниясы Өтмөк ашуусунун жолун оңдоого колдоо көрсөтүү перспективдүү долбоорлордун бири экенин атады.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>