Ошто айым режиссерлордун кинофоруму өтөт

Ошто айым режиссерлордун кинофоруму өтөт

Ош шаарында Кыргызстандын айым режиссерлорунун кинофоруму өтөт. Бул тууралуу «Азия чыгармачыл айымдарынын» коомдук фонду билдирет.

Кинофорум жыл сайын аталган фонд тарабынан өткөрүлүп келет. Быйылкы V кинофорум советтик кыргыз режиссер айым Лиля Турусбекованын 90 жылдыгына арналат. Иш-чара Швейцариянын өкмөтүнүн жана Кыргызстандын Кинематография департаментинин колдоосу менен өткөрүлүүдө.

Кинофорум 11-12-13-май күндөрү Ош шаарында өтөт. Ага катышуу үчүн Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандан 50гө жакын кыска метраждуу көркөм жана даректүү тасмалар келип түшкөн.

«Фильмдерди тандап алуу үчүн атайын комиссия түзүлүп, анын курамына кино искусствонун ишмерлери, режиссерлор, операторлор жана монтажерлер киришти. Кинофорумдун программасына 14 тасма тандалып алынды: анын ичинен 11 тасма Кыргызстан, 2 фильм Казакстанд жана 1 тасма Өзбекстандан.

Кинофорумдун алкагында Түштүк Корея, Түркия жана Казакстандан келген кесипкөй киночулар тарабынан мастер-класстар жана семинарлар өткөрүлүп, тегерек столдор-талкуулар уюштурулат», — деп билдирет фонд.

Кинофорумдун аягында режиссер Жаңыл Жусупжандын «Үркөр, үркөр, үч жылдыз, үркүп кайда барасың» аттуу даректүү тасмасынын улуттук бет ачары болот. Даректүү тасманы Кыргызстан менен Франция биргелешип тартан.

Кинофорумга тандалып алынган тасмалар:

  1. «Земля», реж. Алиман Токтогулова, көркөм тасма, 17 мүнөт, Кыргызстан
  2. «Жанымда, бирок алыс», реж. Жаркын Жусупбекова, көркөм тасма, 12 мүнөт 35 сек., Кыргызстан
  3. «21’3», реж. Марина Сайфиндин кызы, даректүү тасма, 19 мүнөт 42 сек., Кыргызстан
  4. «Прямой эфир», реж. Дайана Ибраева, көркөм тасма, 10 мүнөт, Казакстан
  5. «Умут», реж. Сауле Муканбетова, көркөм тасма, 7 мүнөт 19 сек., Кыргызстан
  6. «Нарын», реж. Назгүл Чороева, даректүү тасма, 15 мүнөт, Кыргызстан
  7. «Эргүү», реж. Жайнагүл Тойчубекова, даректүү тасма, 10 мүнөт 55 сек., Кыргызстан
  8. «Мама», реж. Айдана Асан кызы, даректүү тасма, 17 мүнөт 14 сек, Кыргызстан
  9. «Наше бремя», реж. Аружан Досыкожа, көркөм тасма, 12 мүнөт, Казакстан
  10. «Келин Таш», реж. Гузел Дүйшөнкулова, көркөм тасма, 15 мүнөт, Кыргызстан
  11. «Kulcha», реж. Севара Бекмурадова, көркөм тасма, 23 мүнөт, Өзбекстан
  12. «Киндик эне», реж. Таберик Юсупова, көркөм тасма, 22 мүнөт 27 сек., Кыргызстан
  13. «Ата Мурас», реж. Сезим Акинова, даректүү тасма, 10 мүнөт, Кыргызстан
  14. «Профессор Муса Матеев», реж. Айзада Амангелди, даректүү тасма, 50 мүнөт, Кыргызстан
Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>