Ошто Баткенден Бишкекке маңзат ташыган адам кармалды (видео)

Ошто Баткенден Бишкекке маңзат ташыган адам кармалды (видео)

Оштун Өзгөн шаарында жаран ири өлчөмдөгү баңгизат менен кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, П.Н. аттуу шектүү 4-августта колго түшүрүлгөн. Анын жанындагы сумкадан 13 баштыкка салынган зат табылып алынган.

Соттук-химиялык экспертиза баштыктын ичиндегилер «нашаа» жана «апийим» баңгизаты экенин көрсөткөн. Баштыкта 11 кг 391 грамм «нашаа» жана 326 грамм «апийим» болгон.

ИИМден белгилешкендей, кармалгандан кийин шектүү Өзгөндүн Кароол айыл аймагына катып кеткен 9 баштыкка салынган баңгизаттын ордун көрсөтүп берген. Соттук-химиялык экспертизанын жыйынтыгына ылайык, ал 8 кг 833 грамм салмактагы «нашаа» маңзаты болуп чыккан.

Шектүүдөн алынган «нашаа» 20 кг 224 граммды, ал эми «апийим» 326 граммды түзгөн.

ИИМ ийгиликтүү жүргүзүлгөн операциянын натыйжасында Баткенден Бишкекке Ош жана Жалал-Абад облустары аркылуу өзгөчө ири өлчөмдөгү «нашаа» баңгизатын ташуунун туруктуу каналына бөгөт коюлганын билдирди.

Шектүү камакка алынган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Тэги: ИИМ Ош

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>