Таласта уурдалган 2 млн сомдук үйүр жылкы 2,5 айдан бери табыла элек

Таласта уурдалган 2 млн сомдук үйүр жылкы 2,5 айдан бери табыла элек

Таластын Көпүрө-Базар айылындагы Кумбел жайлоосунда уурдалган 2-2,5 млн сомдук үйүр жылкы жана аны уурдагандар 2,5 айдан ашык убакыттан бери табылбай жатат. Бул тууралуу Reporter.kg’ге жылкылардын ээси Бактыбек Малабеков билдирди.

Бактыбек Малабековдун айтымында, үйүрдө 19 баш жылкы 13 кулуну менен болгон. Жылкылар май айынын аягында жоголгон. Ал 28-майда жайыттагы жылкыларын түгөлдөп кетип, арадан үч күн өткөндөн кийин 31-майда кайра барганда таппай калган.

Малабеков уурдалып кеткен жылкылар көп жылдан бери маңдай тери менен жыйнаган малы экенин айтып, быйыл аларды сатып Бишкектен үй алууну пландап жатышканын билдирди. Тилекке каршы малды кылмышкерлер уурдап кеткен.

Анын айтымында, Көпүрө-Базар айылында акыркы 2 жылда эле 8 үйүр жылкы жоголгон. Алардын уурдалган жылкылары сегизинчи үйүр болууда.

Бактыбек Малабеков белгилегендей, аталган 8 үйүрдүн ичинде аз дегенде 120 баш жылкы болгон. Учурда алардын дайыны жок: же уурдалган жылкылар табылган эмес, же уурдагандар кармалган эмес.

Мал-жандыгы же аны уурдагандар 2,5 айдан бери табылбай жатканын айткан Бактыбек Малабеков милициянын издөө иштери натыйжа бербегендиктен ички иштер министри Улан Ниязбековго кайрылып, бул маселени көзөмөлгө алуусун суранат. Анын пикиринде министр мал уурулук боюнча маселени көзөмөлгө албаса, алардын жылкысынын табылышы да күмөн, мал уурулуктун тыйылышы да арсар.

Көпүрө-Базар айылы Казакстан менен чектеш болгондуктан жылкылар коңшу мамлекетке айдалып кеткен болушу мүмкүн. Мындан улам Малабеков айылдагы чек арачылардын ишин да сынга алып, чек араны жакшылап караса деген ойдо. Себеби Малабековдордун малы жоголгон учурда Көпүрө-Базардан ылдыйкы Арал айылы менен чектешкен Казакстандын жайлоосунан 30-майда 1 үйүр жылкы уурдалган. Кийинчерээк ал август айынын башында Көпүрө-Базарга коңшу Талды-Булак айылынан табылган. Жоголгон жылкылар алгач Суусамырда жүрүп, андан кийин Талды-Булак айылына өтүп келген. Табылган жылкынын ээси — Казакстандын жараны малын жайлоосуна айдап кеткен.

Бактыбек Малабековдун айтымында, үйүрдө айгыр менен алты бээ жээрде кашка, төртөө кара, экиден кара кашка, тору, карагер бээлер, бир боз (көк) жана бир сары бээ болгон. Ал уурдалган жылкылар тууралуу маалыматы бар адамдарды 0771 88 55 84, 0222 45 87 84 же 0220 09 43 65 номерине байланышуусун суранат. Жылкылар табылса, сүйүнчүсүнө 1 кыл куйрук берилет.

Reporter.kg уурдалган малды издөө иштери тууралуу маалымат алуу үчүн облустук милицияга кайрылганда, жылкылар табыла электигин, издөө иштери уланып жатканын билдиришти.

Милициядан белгилешкендей, бул ишти иликтеген кызматкелер Казакстанга командировкага, Таласка коңшу облустарга чыгып, издөө иштерин жүргүзүүдө. Милиция издөө иштери токтобогонун билдирди.

Таласта баасы 2 млн сом болгон үйүр жылкы жоголду. Милиция эмне дейт?

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>