Ошто добуш сатып алуу аракети катталды

Ошто добуш сатып алуу аракети катталды

Ош шаарында дагы бир добуш сатып алуу аракети катталды. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ош ШИИБнын нөөмөт бөлүмүнө, 10-апрелде саат 19:07 чамасында шаардык кеӊештин депутаттарын шайлоодо, Кара-Суу көчөсүндө бир партиянын үгүтөөчүлөрү тарабынан добуш сатып алууга аракет кылып жаткандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Тергөө учурунда, Ош шаарынын Кара-Суу көчөсүнүн 77 жаштагы тургуну Д.С. күбө катары суралып, ал өз көрсөтмөсүндө: “10-апрелде Ош шаарынын Кара-Суу көчөсүнүн аталган көп кабаттуу үйүнүн домкому 23.05.1962-ж.т. Ж.Р. мага үйдүн алдында жолугуп, 1000 сом акча каражатын берип, бюллетендеги турган бир партиянын атын атап, ошол партияны шайлайсыз” деген. Ал алган каражатын тергөө кызматкерлерине өткөрүп берген.

Ал эми Ж.Р. саясий партиянын үгүтчүсү экеннин моюндап, бирок Ж.С.га миң сом акча каржатын такыр бербегенин жана добуш сатып алууга аракет кылбаганын билдирген.

Учурда 192-берененин белгилери менен сотко чейинки өндүрүш иши башталып, тергөө аракеттери уланып жатканы айтылат.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>