Ошто кылмыштуулукту алдын алуу боюнча окуу-семинар өтүүдө
Ош облусунун аймагында улуттар аралык касташууларды болтурбоо, трансулуттук коркунучтардын жана үй-бүлөлүк зомбулуктун, жаштардын диний-экстремизмге тартылуусун алдан алуу максатында комплекстүү окуу-семинар башталды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.
Бул иш-чарага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, укук коргоо органдары, социалдык мекемелер, орто мектептердин директорлору, имамдар жана бейөкмөт уюмдар катышкан.
“Семинар учурунда катышуучуларга видео-слайд сабактар өткөрүлүп, мындан сырткары атайын сахналаштырылган көрсөтүүлөр коюлуп, мыйзам-укуктук ченемдерге таянган профилактикалык түшүндүрмөлөр берилди”, – деп айтылат маалыматта.
Жыйында облус башчысы Элчибек Жантаев жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө кайрылып, “кылмыштуулук менен күрөшүү, коомдук коопсуздукту сактоо бир гана милиция кызматкерлери эмес, жалпыбыздын жоопкерчилигибиз жана милдетибиз” деген.
Иш-чаранын соңунда окуу-семинарга катышкан айыл өкмөттөрдөн келген, милиция кызматкерлери менен тыгыз байланышта болуп, биргеликте иш алып барган жарандар ИИМдин сыйлыктары менен сыйланган..
“Бул иш-чара Ош облусунун бардык аймагында өткөрүлөт”, – деп билдиришти милициядан.
[image_carousel source=”media: 199076,199074,199073″ limit=”20″ slides_style=”default” controls_style=”dark” crop=”none” columns=”1″ adaptive=”yes” spacing=”yes” align=”none” max_width=”none” captions=”no” arrows=”yes” dots=”yes” link=”none” target=”blank” autoplay=”4″ speed=”medium” image_size=”large” outline=”yes” random=”yes”]
Биздин Телеграм каналга катталыңыз