“Ээн ооздуктун чеги болот”. Шакиев журналисттердин кармалышы боюнча оюн айтты

“Ээн ооздуктун чеги болот”. Шакиев журналисттердин кармалышы боюнча оюн айтты

Журналисттердин кармалышын сөз эркиндигине кысым катары балоо туура эмес. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында төрага Нурланбек Шакиев билдирди.

Анын пикиринде, өлкөдө сөз эркиндиги сакталууда.

“Азыркы болуп жаткан окуялар сөз эркиндигине кысым дегенге кошулбайм. Бизде сөз эркиндиги бар. Мына ким сүйлөйм десе бул микрофонго чыгып сүйлөй алат. Бардык нерсенин чеги болот. Жоопкерчилик болуш керек. Сырттан каржыланган айрымдар Кыргызстандын туруктуулугуна, өнүп-өсүгүп жаткан экономикалык көрсөткүчтөргө терс таасирин тийгизиши мүмкүн. Мына мага карата айтылган сынга карабай, бир да журналистти сотко бере элекмин”, — дейт Нурланбек Шакиев.

Төраганын оюнда, жарандардын ар түрлүү ой жүгүртүүсүн дагы медиа өкүлдөрү күнөөлүү.

“Журналистиканы жамынган, өзүн журналист деп эсептеген жана блогерлердин ээн ооздугунан, ээн баштыгынан өлкөдө ар кандай пикирлер бар. Өлкөнүн туруктуулугуна доо кетирбей ээн ооздуктун дагы чеги болот”, — дейт Шакиев.

Ал депутат Дастан Бекешевдун журналисттердин кармалышы боюнча комиссия түзүү сунушуна каршы чыкты.

«Бирөө айтып чыкса эле комиссия түзүп чыгуу туура эмес. Кимдин күнөөсү бар экенин сот чечет», — деди ал.

Белгилей кетсек, ИИМ  «Айт Айт Десе», Temirov Live медиасынын 10 журналисттин камоого алды.

Милиция 10 журналисттин үйүн тинтип, суракка алып кетти. ИИМ үн катты

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>