Курулуш министрлиги: Жыл аягына чейин Кыргызстанда 36 мектеп курулатПрезидент Садыр Жапаров Түркмөнстанга иш сапары менен барат«Музейлер эксперименталдык боло алабы?»: Бишкекте куратор Чарльз Эшенин лекциясы өтөтБекешев: TikTok’ту бөгөттөн чыгарууга азыр УКМК гана каршы болуудаБекешев кортеждердин санын азайтып, «күркүрөгөн» унааларга чара көрүүгө чакырдыБишкекте уюлдук телефондорду мыйзамсыз алып кирүүгө шектелип чет элдиктер кармалды
Ошто мыйзамсыз кумар оюндарын уюштургандар кармалды (видео)
02.03.2024 | 12:48
Ош шаарында мыйзамсыз кумар оюндары өткөрүлгөн мекемелер аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка караганда, УКМК Ички иштер министрлигинин Ички иликтөө кызматы менен биргеликте аймактагы кумар оюндарын мыйзамсыз уюштурууну аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында Ош шаарынын бильярд клубунун ичинде жана базардын аймагында тиешелүү лицензиясы жок кумар оюндарын мыйзамсыз жүргүзгөн мекемелерди, тактап айтканда, “Русский лото” оюндары уюштурулгандыгын аныктады.
Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, 29-февралда жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын негизинде кумар оюндарын уюштуруучулары А.у.А. жана У.K.A. кармалып, аталган жайлар мөөр басылып жабылган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар