Ошто орус жаранын карактаган 4 адам кармалды  — видео

Ошто орус жаранын карактаган 4 адам кармалды  — видео

Ошто орус жаранын карактаган 4 адам кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан кабарлашты. 

Маалыматка караганда, 15-декабрда түндө  Ош облусунун Кара-Суу районунун 57 жаштагы адамдын үйүнө бет капчан белгисиз адамдар кирип, колу — бутун “скотч” менен байлап сабашкан. Үйүн тинтишип, кырк миң сомун алып алып, из жашырышкан.

Жабырлануучу Орусиянын жараны болгон. 

Бул окуя боюнча “Каракчылык” беренеси менен иш козголуп иликтөө иштери башталган. 

Анын алкагында шектүү катары мурда соттолгон төрт жаран,  33 жаштагы Ж.уулу Б., 42 жаштагы А.Н, 30 жаштагы А.А. жана 37 жаштагы Б.С. атту адамдар кармалган. Алар Бишкек жана Чүйдүн тургундары болгон. 

Шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилип, сотко чейинки өндүрүш башталган.

Ошондой эле бул адамдардын башка да кылмыштарга тиешеси бар жогу такталууда. 

Тэги: кылмыш Ош

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>