Ошто Osh City акылдуу шаарын куруу пландалууда

Ошто Osh City акылдуу шаарын куруу пландалууда

Ош калаасында Osh City шаарын куруу пландалууда. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2-августта мэрияда административдик-аймактык реформа жүргүзүү боюнча сунуштарды даярдоо жана тийиштүү иштерди алып баруу максатында жумушчу топтун отуруму болуп өткөн. Анда бир катар долбоорлор каралган.

Алардын ичинде Ошто Osh City акылдуу шаарын куруу долбоору бар. План боюнча ал 500дөн ашык көп кабаттуу үйдөн турган, 250 миң киши жашаган калаа болот. Акылдуу шаардын аймагында мектеп, бала бакча, сейил бак, оорукана жана башка объекттер салынат. Шаарды курууга 2 млрд доллар инвестиция тартуу каралган.

Жыйында мэрдин биринчи орун басары Марс Исаев келечекте Ош шаардынын аймагын кеңейтип, жаңыдан кошулган жерлерге кичи райондорду, өнөр жай-соода борборлорун куруп, калаа тургундарынын санын 1 млн адамдан ашыруу максаты бар экенин билдирген.

Отурумда сунушталган инвестициялык долбоорлор:

— 500дөн ашык көп кабаттуу турак жайдан турган Osh City акылдуу шаарын салуу;

— Шаардын түндүк-батыш тарабына өнөр жай-соода зонасын куруу;

— Шаар аймагына жаңы кичи райондорун салуу;

— Шаардын түндүк тарабындагы 32 га жер тилкесине чыгыш стилиндеги муниципалдык базарды куруу.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: мэрия Ош

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>