Караколдо «Открыткаларга түшпөгөн Кыргызстан» аттуу фотовыставка өтөтКыргызстанда башка айып пулдары бар болсо да эвакуацияланган унааларды кайтарып берүү сунушталуудаБишкекте «БишХолдер» эл аралык стол үстүндөгү ролдук оюндар фестивалы өтөтУлуттук банк чет өлкөлөрдөгү банктардын уставдык капиталына жаңы талаптарды сунуштады — долбоорШакира Бишкекке концертинен бир күн мурун, 17-октябрда учуп келетУлуттук банк «Почта Банкын» түзүүгө уруксат берди: ал бардык аймактарда иштейт
Ошто бир нече уурулук үчүн издөөдө жүргөн шектүү кармалды
03.08.2023 | 18:00
Ошто бир нече уурулук үчүн издөөдө жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.
Маалыматка караганда, шектүү – Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылынын 25 жаштагы Г.А. аттуу тургуну. Ал буга чейин 3 жолу соттолгон.
Ал Кара-Суу районунда – 1, Төлөйкөн айылында – 3 жана Ош шаарында 1 уурулук жасаган деп шектелүүдө.
“Ош шаарындагы батирге уурулукка киргенде, жалпы суммасы 1 млн 200 миң сомду түзгөн акча, баалуу буюмдарды алып кеткен”, – деп билдирет милиция.
Шектүү 19-июлда кармалып, соттун чечими менен камакка алынган.
Милиция шектүүнүн кылмыштуу аракеттеринен жабыр тарткан жарандарды “102” кызматына кабар берүүсүн суранат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз