Ошто сот аткаруучу пара менен кармалды

Ошто сот аткаруучу пара менен кармалды

Ош облусуна караштуу райондук соттордун биринин сот аткаруучусу пара менен кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

ИИМдин Криминалдык милиция кызматына 30 жаштагы А.Б. аттуу жарандан арыз келип түшкөн.

«Ош облусунун райондук сотунун сот аткаруучусу алиментке байланыштуу маселени чечип берем деп 50 миң сом акча каражатын талап кылып жаткандыгы жана ага карата тиешелүү чараларды көрүп берүүлөрүн суранган. Аталган факты боюнча  топтолгон материал КЖБРге катталып, ИИМдин Тергөө кызматы (Ош шаары) тарабынан Жазык кодексинин 326-беренесинин (опузалап пара алуу)  негизинде сотко чейинки өндүрүш башталган. Өндүрүштүн алкагында ИИМдин КМКнын Аймактар аралык башкармалыгынын  жана  атайын операциялар отрядынын кызматкерлери менен биргеликте ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлдү. Жыйынтыгында 10-март күнү райондук соттун сот аткаруучу кызматкери  талап кылган акча каражатын накталай алып жаткан жеринен кармалды.  Анын иш бөлмөсүн тинтүү учурунда башында белгиленген 50 миң сом акча да табылды. Азыркы учурда сотко чейинки өндүрүш уланууда», — деп жазылат маалыматта.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>