Жалал-Абадда Түмөнбай Байзаковдун атындагы проспект ачылды

Жалал-Абадда Түмөнбай Байзаковдун атындагы проспект ачылды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 29-августта, Жалал-Абад шаарындагы акын, котормочу Түмөнбай Байзаковдун ысымы берилген жаңы борбордук проспектин ачты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Ачылышы аземинде Жапаров жарандарды алдыдагы Эгемендик күнү менен куттуктап, ата-бабаларыбыз кылымдар бою күрөшүп, урпактарына аманат калтырган көз карандысыздыгыбызды жана мамлекеттин бекемдигин сактоону каалаган.

«Ала-Тообузга, Ата Мекенибизге байланыштуу ыйык сезимдерибиз керемет ыр саптарына айланган. Мамлекеттик символубуз болгон гимн дагы ак мөңгүлүү аска-зоолуу Ата Мекенибиз менен башталат. Өз кезегинде эл арасында экинчи гимн катары кабыл алынган «Кыргыз жери» ыры да кыргыз жеринин табиятына суктануу сөздөрү менен башталат. Алыста жүрүп, мекенин сагынган мекендештерибиздин жүрөгүндө, мамлекеттик деңгээлде уюштурулган чоң майрамдарда ар дайым ушул ыр саптары жаңырып турат», — деди ал.

Жапаров ушул саптарды жараткан кайталангыс талант Түмөнбай Байзаковдун 100 жылдыгы быйыл белгилене турганын айткан.

Ошондой эле президент жакында Түмөнбай Байзаковго (көзү өткөндөн кийин) Кыргызстандын «Эмгек баатыры» артыкчылык даражасын ыйгаруу жөнүндө жарлыкка кол коюлганын билдирген.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>