Садыр Жапаров COP17 саммитинде Ысык-Көлдү коргоо боюнча трасттык фонд түзүүнү сунуштадыКыргызстанда чет өлкөлүк номерлүү унаалардын кирүү эрежелери өзгөртүлдү — толук маалыматОш шаарында «Сулайман-Тоо» эл аралык кинофестивалы өтөт2027-жылдан тарта Кыргызстанда сотто өкүлчүлүк кылуу үчүн юристтерге окуудан өтүү талабы коюлатКытай Кореядан озуп кетти: Кыргызстанга эми кайсы унаалар көбүрөөк ташылып жатат?Бактыбек Анаркулов Суу ресурстары кызматынын директору болуп дайындалды
Оштун мэри Садыр Жапаровду угуп кайра кызматына кайтканын айтты – видео
09.10.2020 | 12:52
Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов кайра кызматка кантип кайтканын айтып берди.
Ал Садыр Жапаровдун “бардык аким, мэрлер кайра кызматына кайтсын” деген кайрылуусун угуп кызматына кайтканын, Жапаровду премьер-министр катары тааный тургандыгын айткан.
“Бишкекте ызы-чуу болгондон кийин бир партиянын балдары келип мэрликти талашты. Анын да, менин да тарапташтарым сыртта чогулуп калгандыктан коопсуздук үчүн бир күнгө бошотуп берүүгө туура келди. Эртеси мени колдогон эл аянтка чогулуп “келсин” деп чакырышты. Экинчиден, Жогорку Кеңештин депутаттары шайлаган премьер-министр Садыр Жапаровдун “бардык аким, мэрлер кайра кызматына кайтсын” деген кайрылуусун уктук. Ошонун негизинде ишибизди улантып жатабыз”, — деди Сарыбашов.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат