Оштун милициясы имамдар менен кызматташат

Оштун милициясы имамдар менен кызматташат

Ош облусунун казысы Сайдамир ажы Жейналиев жана КР ДИМК ТАБнын башкы адиси Фурхатбек Адилбек уулу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын начальниги, милициянын полковниги Жеңишбек Жоробеков менен жолугушту. Бул тууралуу облустук казыяттан билдиришти.

Маалыматка караганда, жолугушунун алкагында тараптар 2023-жылда беш тараптуу иш пландагы мерчемдер боюнча кеңешип, имамдардын сабаттуулугун арттыруу жана диний объектилердин коопсуздугун жакшыртуу боюнча пикир алышты.

Жеңишбек Жоробеков жума намаз окулуучу жана эл көп топтолгон диний объектилердин коопсуздук маселеси жогорку деңгээлде болушу керектигине токтолуп, мүмкүн болушунча ал иштерди тездетүүнү сунуштады. Аны менен катар имамдардын диний жана дүйнө билимин жогорулатуу маселеси да талкуланды.

Жолугушуунун соңунда жогоруда аталган маселелерди чечүүдө эки тараптуу иш алып баруу, зарыл учурда биргеликте аракеттенүү жана мониторинг жүргүзүү макулдашылды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>