Жалал-Абадда өз жанын кыйган келин күйөөсүнө кат калтырып кеткен

Жалал-Абадда өз жанын кыйган келин күйөөсүнө кат калтырып кеткен

Жалал-Абад облустук милициясы Базар-Коргон районунун Кара-Ой айылында 29 жаштагы келин өз жанын кыйган окуя боюнча маалымат берди.

Маалыматка ылайык окуя быйыл июль айында болгон. 23-июлда райондук милицияга 29 жаштагы келин асынып алгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Аталган факт Базар-Коргон райондук милициясында маалымат электрондук журналына «өзүн өзү асып алуу» болуп катталган. Окуя жерине райондук прокуратура менен милициянын жетекчилиги, кызматкерлери барган.

Окуя жерин кароо учурунда 29 жаштагы келин үйүнүн ичинде асынып каза болгондугу аныкталган. Андан сырткары окуя болгон жерден кат табылган.

Анын катында: «Ким дагир (бузулган – ред.) болуп жаман жүрсө, башканы да ошондой ойлойт. Чыныгы дагир келин алып, өлгүчө ар кимдин астынан таап келип жашатып кал» — деп жашыл түстөгү сыя менен жазылган.

Аталган окуя боюнча аныкталган жаны жагдайлардын негизинде 22-август күнү Кылмыш кодексинин  128-беренеси (Өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү) боюнча кылмыш иши козголгон.

«Кылмыш ишинин алкагында тиешелүү болгон бардык экспертизанын түрлөрү дайындалып,  текшерүү иштери жүрүп жатат. Дайындалган  экспертизалардын жыйынтыгы чыккандан кийин аталган окуя боюнча  толук тергөө амалдары жүргүзүлүп, мыйзамдуу чечимдер кабыл алынат», — деп айтылат маалыматта.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: Милиция

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>