Орусияга балык экспорттоого чектөө качан алынат? Министрдин жообу

Орусияга балык экспорттоого чектөө качан алынат? Министрдин жообу

Бүгүн, 13-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Аманкан Кенжебаев Кыргызстандан Россияга балык экспорттоо токтоп калганын айтып, бул багытта кандай иштер жүрүп жатканына кызыкты.

Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбековдун айтымында, жакында эле Россиядан атайын комиссия Кыргызстанга келип кетти.

“Былтыр Кыргызстанда балык продукциясынын экспорту эки эсе көбөйгөн. Бирок, кээ бир экспорттоочулар курамында жогорку деңгээлдеги антибиотик бар балык продукцияларын Россиянын аймагына киргизип жиберип, учурда анын көйгөйүн тартып жатабыз.  Жакында эле Россиядан комиссия келип, биздин тогуз ишкананы текшерип кетишти.  Ветеринария кызматынын жетекчиси Москвада Россельхознадзордун жетекчиси менен жолукту.  Макулдашуунун жыйынтыгы менен буюрса ушул жуманын ичинде талаптарга жооп берген балык продукциялары экспорттолот”, — деди министр.

Ошондой эле, Аскарбек Жаныбеков учурда балык продукциясын өндүрүү тармагын тартипке келтирүү аракети болуп жатканын айтты.

“Кыргызстандагы балык бизнеси менен алектенген ишкерлердин көпчүлүгү талаптарга жооп бербегендей бизнес жүргүзгөнү үчүн ушундай көйгөй пайда болду. Биз учурда укуктук ченемдик актылардын бешөөнү иштеп чыктык, алар кабыл алынды. Бул тармакты тартипке келтирүүгө аракет кылып жатабыз”, — деди министр.

Белгилей кетсек, Россиянын Россельхознадзору ушул жылдын февраль айында Кыргызстандагы бардык ишканалардын балык азыктарын сертификациялоону токтотууну суранып, россиялык алуучуларга экспорттоого тыюу салган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>