Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Бишкекке сапар менен келдиКыргызстан АКШдан КР жарандары үчүн визалык депозитти кайра карап чыгууну өтүндүСадыр Жапаров Антониу Гутерриш менен жолугушту: кандай маселелер талкууланды?ДКӨ жана ШКУ: Бишкек менен Ысык-Көлдө тез жардам кызматы кандай иштейтЕАӨБ: Кыргызстанда инфляция 11,4%га чейин ылдамдады жана 2028-жылга карай гана калыбына келетИрандын президенти ШКУ саммитине катышуу үчүн Кыргызстанга келди
Өзбекстандыкты карактоого шектелип издөөдө жүргөн жаран кармалды
10.12.2022 | 12:52
Баткен облусунда Өзбекстандын жаранын карактоого шектелип издөөдө жүргөн 35 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка караганда, 2021-жылдын февраль айында Кызыл-Кыя шаарындагы «Газпром» спорт комплексинин алдында 2-3 белгисиз адам Өзбекстандын Кувасай шаарынын 21 жаштагы тургунунун телефонун жана чөнтөгүндөгү акчаларын коркутуп, тартып алган.
Бул факт Кызыл-Кыя шаардык милициясында каттоого алынып, “каракчылык” беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталган.
Быйыл 6-декабрь күнү кылмышка шектүү катары издөөдө жүргөн Кызыл-Кыя шаарынын 35 жаштагы Г.М. аттуу тургуну кармалган.
Шектүү камакка алынып, тергөө иштери уланууда.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом