Өзгөндө 3 кабаттуу поликлиника ачылды

Өзгөндө 3 кабаттуу поликлиника ачылды

Ош облусунун Өзгөн шаарында райондук жалпы дарыгерлик практика борборунун бейтаптарды амбулатордук түрдө кабыл алуу (поликлиника) үчүн 3 кабаттуу жаңы имараты ачылды. Бул тууралуу облустагы өкүлчүлүктөн билдиришти.

Медициналык мекеменин ачылышына саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова, облус башчысынын орун басары Эрнист Толтоев, саламаттыкты сактоонун Ош облусу боюнча координатору Талант Арстанкулов, Өзгөн районунун акими Каныбек Апбасов, Өзгөн райондук жалпы дарыгерлик практика борборунун директору Бермет Мамасадыкова, дарыгерлер жана медайымдар катышкан.

Ачылыш аземинде сүйлөгөн сөзүндө министр Гулнара Баатырова, эффективдүү башкаруунун жана эки жылдык экономикалык пландаштыруунун аркасында үнөмдөлгөн каражаттардын эсебинен Өзгөн райондук жалпы дарыгерлик практика борборунун жетекчилиги бардык санитардык нормаларга жана талаптарга жооп берген заманбап бейтапканалык имарат курууга жетишкендигин белгилеген. Эми медицина кызматкерлери райондун тургундарына жеткиликтүү жана сапаттуу медициналык кызмат көрсөтө алышат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>