Депутат: Мадумаровду коркунучтуу кылмышкердей кармабай, чакырса, өзү бармак

Депутат: Мадумаровду коркунучтуу кылмышкердей кармабай, чакырса, өзү бармак

Адахан Мадумаровду коркунучтуу кылмышкерди кармап кеткендей кылбай, телефон менен чакырса өзү деле бармак. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Токтошев «Фейсбуктагы» баракчасында билдирди.

Анын айтымында, быйыл 22-июнда башкы прокурор Кылмыш-жаза кодексинин 338 -беренеси (кызмат абалынан аша чабуу) боюнча Адахан Мадумаровго карата тергөө иштерин жүргүзүүгө Жогорку Кеңештен уруксат сурап, көпчүлүк добуш менен макулдук алган.

«2-сентябрь күнү сейилдеп жүргөн жеринен Адахан Кимсанбаевичти кармап кетишип, 2 айга камакка алынды. Адахан Кимсанбаевичти коркунучтуу кылмышкерди кармап кеткендей кылбай эле, телефон менен чакырса өзү деле бармак. Ал киши өз мойнуна жоопкерчиликти алып, жооп бергенден эч жакка качмак эмес. Бардык териштирүү иштери мыйзам чегинде болуусу шарт», — дейт депутат.

Сөзүн улай Токтошев коомдун өнүгүшүнө, мамлекеттик бийликтин бекемделишине сын-пикир чоң жардам берип келгенин билдирди.

«Талаш-тартышсыз чындык да болбойт. Дүйнөдө, геосаясатта жер талашуу, басып алуу, үстөмдүк кылуу, экономикалык жактан алсыратуу сыяктуу өзгөрүүлөр болуп жатканда, мамлекет катары, өлкөнүн бүтүндүгү, келечеги үчүн бир муштумдай биригишибиз абзел», — дейт ал.

Эскерте кетсек, 2-сентябрда Адахан Мадумаров милиция тарабынан кармалып, ИИМдин Тергөө кызматына суракка алынып кеткен. Мадумаров 2009-жылы кол койгон кыргыз-тажик чек арасы боюнча (Төрт-Көчө боюнча) протоколго байланыштуу козголгон кылмыш иш боюнча кармалган. Буга чейин 22-июнда парламент Мадумаровду «кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси боюнча кылмыш жообуна тартууга макулдук берген. Бирок кийинчерээк аталган берене «мамлекеттик чыккынчылык» беренесине өзгөртүлгөнү 2-сентябрда белгилүү болду.

Депутат Гуля Кожомкулова журналисттерге, буга чейин парламент Мадумаровду «кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси боюнча гана кылмыш жоопко тартууга макулдук бергенин, бирок азыр тергөө кызматы Мадумаровго «мамлекеттик чыккынчылык» беренеси боюнча айып тагып жатканын айтып, берененин өзгөртүлүшү боюнча бир катар суроолор, анын ичинде юридикалык суроолор, дал келбестиктер бар экенин билдирди.

Мадумаров УКМКнын тергөө абагына 24-октябрга чейин камакка алынды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>