Өзгөндөгү ири жер көчкүнүн дрондон тартылган видеосу

Өзгөндөгү ири жер көчкүнүн дрондон тартылган видеосу

Өзгөн районунун Карл-Маркс айылында 1 даражадагы өзгөчө кырдаал жарыяланды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Өзгөн районунда 22-март күнү, саат 05:00 чамасында Жалпак-Таш айыл аймагына караштуу К.Маркс айылынын Кызыл-Күңгөй тилкесинде жер кыртышы активдешип, болжол менен 1 млн метр куб жер көчкү түшкөн. Аталган тилкеде 18 турак үйгө коркунуч пайда болуп, үйлөргө 300 м аралыкта жетпей калган.

Аталган аймактагы жер көчкү түшүү коркунучу 2017-жылдын жаз айларында активдешип баштаган.

2022-жылдын 5-сентябрында ӨКМдин кооптуу аймактарга мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаментинин корутундусу чыгарылып, жашоого кооптуу деп табылган 18 турак үйдүн жашоочуларын көчүрүү керек экендиги эскертилип, сунушталган.

Белгилей кетсек, аталган кооптуу аймакта 2023-жылдын февраль айында республика боюнча район жана айыл өкмөт башчыларына кооптуу аймакта жашап жаткан жарандарды коопсуз жайга көчүрүү, алардын арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү боюнча кат жүзүндө эскертмелер ӨКМге караштуу өзгөчө кырдаалдар мониторинг жүргүзүү божомолдоо департаменти тарабынан берилген.

Өзгөндө өзгөчө кырдаал жарыяланып, 18 үй-бүлө көчүрүлдү

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>