«Сиз да түрмөнү көргөнсүз». Активист президенттен ырайым сурады (видео)

«Сиз да түрмөнү көргөнсүз». Активист президенттен ырайым сурады (видео)

Жарандык активист Тилекмат Күрөнов президент Садыр Жапаровго жана УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевге кайрылып, Орозо айында Кемпир-Абад иши боюнча жапырт камалгандарга ырайым кылууну өтүндү.

Анын айтымында, Орозо айы кечиримдүүлүктүн, айкөлдүктүн, соопчулук табуунун айы болуп саналат.

“Камалып кеткен жарандардын туугандарына белек кылып, айкөлдүгүңөрдү көрсөтүп, аларды бошотуп коесуз деп үмүттөнөбүз.  Түрмөдө жаткан Кемпир-Абадды коргоо комитетинин мүчөлөрү душман эмес. Сиз дагы түрмөнү көргөнсүз. Камалып жаткандардын эч бир күнөөсү жок. Орорзо айынын урматына аларды бошотуп коесуңар деп ишенем”, — деп билдирди Тилекмат Күрөнов.

Буга чейин ИИМдин Тергөө кызматынын башчысынын орун басары Нурдин Эшимкан Тилекмат Күрөновго издөө жарыяланганын билдирген.

Белгилей кетсек, буга чейин жарандык активист Тилекмат Күрөнов саясий куугунтуктан улам Кыргызстандан чыгып кетүүгө аргасыз болгонун билдирген. Ал Кемпир-Абаддын Өзбекстанга өтүшүнө каршы чыгып, суу сактагычты коргоо комитетинин мүчөсү болгон.

Андан мурун Тилекмат Күрөнов «бийликти күч менен басып алууга чакырык жасоого» айыпталып, 1 жылга, ошондой эле «добуш сатып алууга» айыптуу деп табылып, дагы 6 айга, жалпы 1,5 жылга эркинен ажыратылган. Ал өзүнө ачылган кылмыш ишти куугунтук катары баалаган. Активист жаза мөөнөтү бүткөндүгүнө байланыштуу абактан чыккан.

Эскерте кетсек, 2022-жылы 22-октябрда Кемпир-Абад суу сактагычын коргоо комитети түзүлгөн. Анын курамына активисттер, саясатчылар жана депутаттар кирген. 23-октябрда массалык тинтүү иштери башталып, 20дан ашык адам кармалып, алар 48 саатка камалган.

24-октябрда Бишкек шаарында Кемпир-Абад суу сактагычынын астындагы жердин Өзбекстанга берилишине жана активист, саясатчылардын камалышына каршы жөө жүрүш өткөн. 25-октябрда Биринчи май райондук соту тарабынан алар эки айга камакка алынган.

Активист жана саясатчылардын камалышы боюнча ИИМ түшүндүрмө берип, Кылмыш-жаза кодексинин 36-278-беренеси «Массалык баш аламандыктарды уюштурууга даярдануу» менен козголгон кылмыш иши боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүп жатканын билдирген.

Учурда кармалган адамдардын ичинен төртөө үй камагына чыгарылган, калган 24 адам №1 СИЗОдо кармалууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>