Парламенттин төрагасына туристтердин көптүгүнөн улам «Жомок» каньонунун деградацияга учурап жатканы тууралуу маалымат берилди

18.05.2026 | 10:57

Ысык-Көл облусунун эң белгилүү жаратылыш объекттеринин бири — «Жомок» (Сказка) каньону туристтердин агымынын көбөйүшүнөн улам акырындап деградацияга учуроодо. Бул тууралуу Жогорку Кенештин төрагасы Марлен Маматалиевдин Ысык-Көл облусундагы иш сапары учурунда Министрлер кабинетине караштуу Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Эдуард Кубатов билдирди.

ЖКнын басма сөз кызматы кабарлагандай, төрага иш сапарынын алкагында Жети-Өгүз жана Тоң райондорундагы бир катар социалдык-инфратүзүмдүк жана туристтик объекттерди кыдырды.

Кубатовдун айтымында, туристтик жүктөмдүн көбөйүшү жаратылыш объектисинин абалына терс таасирин тийгизүүдө.

Буга байланыштуу негизги туристтик активдүүлүктү каньондун төмөнкү бөлүгүнө көчүрүү жана ал жерде келүүчүлөр үчүн заманбап инфратүзүм түзүү сунушталды.

Ошондой эле атайын өзүн-өзү каржылоочу фонд түзүү маселеси талкууланып жатат. Анын каражаттарын объектти өнүктүрүүгө, керектүү курулуш жана жаратылышты коргоо иштерин жүргүзүүгө жумшоо пландалууда.

Маматалиев аймактын туристтик потенциалын өнүктүрүү менен бирге жаратылыштын кооз жерлеридин экологиялык абалын сактоо зарылдыгын баса белгиледи.

Мындан тышкары, спикер Кызыл-Суу айылындагы борбордук стадиондун абалы жана А. Керимкулов атындагы стадионду реконструкциялоо долбоору менен таанышты.

Анын айтымында, спорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү жана жаштарга шарт түзүү мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат.

«Жаштарга шарт түзүү — бул мамлекеттин келечегине болгон инвестиция. Ошондуктан аймактарда спорттук объекттердин санын көбөйтүү жана жаштарды сергек жашоого тартуу биздин негизги багыттарыбыздын бири», — деди ал.

Ошондой эле, Маматалиев Энелер күнүнө карата уюштурулган «Баатыр энелер» биринчи облустук форумуна катышты. Иш-чаранын алкагында майрамдык жүрүш, кол өнөрчүлүк көргөзмөлөрү жана көркөм экспозициялар өттү.

Форумда сүйлөп жатып, төрага өлкөнүн коомдук-саясий турмушунда аялдардын ролу чоң экенин белгиледи.

«Эне — үй-бүлөнүн гана эмес, бүтүндөй мамлекеттин тиреги. Дал ушул энелик мээримдин, тарбиянын жана эмгектин аркасында өлкөнүн келечеги калыптанат», — деп баса белгиледи ал.

Маматалиев ошондой эле Тоң айылындагы №81 кесиптик лицейдин пайдаланылбай жаткан жер тилкесин көрүп чыгып, аны андан ары максаттуу пайдалануу маселеси талкууланды.

Бөкөнбаев айылында стадион жана этно-музей куруу долбоорлору каралды.

«Ысык-Көл — бул туризмдин гана эмес, улуттук маданияттын да очогу. Биз тарыхый жана этномаданий мурастарыбызды сактаган долбоорлорду колдошубуз керек», — деди төрага.

Иш сапарынын жүрүшүндө ал ошондой эле У. Рысманбетов атындагы Жалпы дарыгерлик практика борборунун тазалоочу курулмаларынын абалы менен таанышты жана Туура-Суу менен Кара-Талаа айылдарындагы мектептерге барып, ал жерде кошумча бала бакчаларды куруу маселесин талкуулады.

Иш сапары Кара-Коо айылынын тургундары менен жолугушуу менен аяктады. Жергиликтүү тургундар жол, суу менен камсыздоо, социалдык объекттер жана аймактын туристтик инфратүзүмүн өнүктүрүү маселелерин көтөрүштү.

«Аймактарды өнүктүрүү — мамлекеттик саясаттын негизги багыттарынын бири. Калк тарабынан көтөрүлгөн бир дагы маселе көңүл сыртында калбайт», — деди Маматалиев.

Scroll to Top